«Кыргыз Республикасында 2025-жылы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө» баяндаманын алкагында омбудсмен институтунун эркиндигинен ажыратылган адамдардын укуктарын коргоо тармагындагы ишинин жыйынтыктары айтылды

Эркиндигинен ажыратылган жерлерде аныкталган мыйзам бузуулар жана кайрылуулар

2025-жылы омбудсмен институту эркиндигинен ажыратылган адамдар кармалган мекемелерде 328 текшерүү жана мониторинг жүргүздү. Бул текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуулар аныкталды

Мониторингдердин жыйынтыгы боюнча

56кыйноо фактылары боюнча кайрылуу
190кайрылуулардын жалпы саны
4жоопкерчиликке тартылган кызматкерлер

Омбудсмендин маалыматы боюнча, аныкталган көйгөйлөрдүн арасында санитариялык нормалардын бузулушу, ошондой эле тамактануу жана медициналык тейлөө менен байланышкан көйгөйлөр болгон. Мындан тышкары, медициналык тейлөө тармагындагы кемчиликтер жана мыйзамсыз тарифтерди киргизүү учурлары, ошондой эле инфраструктуранын эскириши белгиленген

Кармоо шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында шарттарды жакшыртуу боюнча кадамдар жасалды. Мыйзамсыз тарифтер жоюлуп, Сокулук жана Панфилов ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоо изоляторлорунда капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. №2 аялдар колониясында да, №21 мекемеде да кармоо шарттары жакшыртылды

Кошумча маалымат

Баяндаманы КР омбудсмени Жамиля Жаманбаева тапшырды.