Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин мигранттардын өлкөдө жүрүү шарттарын жана алардын статусун жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга кол койду. Бул жаңы ченемдер миграциялык саясатты күчөтүүгө багытталган.
«Sputnik Кыргызстан» басылмасынын маалыматы боюнча, Орусиядагы миграциялык талаптардын күчөтүлүшү Кыргызстандын жарандары арасында чоң талкууларды жаратууда.

