Ош облусунда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле айыл чарба кооперативдерин колдоо жана жылытуу сарайлары менен камсыздоо боюнча долбоор уланууда. Мындай маалыматты Суулар ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоор Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен биргеликте ишке ашырылып, анын алкагында Ноокат жана Чоң-Алай райондорундагы айыл чарба кооперативдери менен жолугушуулар уюштурулду.

Жолугушууларга "Жар-Башы", "Чоң-Алай Картошка Өндүрүү", "Чоң-Алай Агро", "НҮКӨК", "Шарип-Ата" жана "Кыргыз-Ата Алмасы" сыяктуу кооперативдердин өкүлдөрү катышты.

Долбоордун негизги максаты айыл чарбасын колдоо, кооперативдик кыймылды өнүктүрүү жана органикалык продукция өндүрүшүн кеңейтүү болуп саналат.

Ар бир кооперативге 400 чарчы метр аянтка жылуу жай (теплица), биогумус (вермикомпост) өндүрүү үчүн 70 чарчы метр аянтча курулуп бериле турганы пландалууда. Ошондой эле органикалык айыл чарба ыкмаларына өтүү боюнча окутуулар жана колдоо көрсөтүлөт.

Долбоордун ишке ашырылышы кооперативдердин потенциалын чыңдоого, экологиялык таза продукция өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагындагы инновацияларга өбөлгө түзөт.