Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү иштери үзгүлтүксүз уланууда.
2026-жылдын 30-июнундагы маалыматтарга ылайык, Министрликтин кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба бөлүмүнүн маалыматы боюнча, органикалык айыл чарба үчүн бөлүнгөн жерлердин жалпы аянты 101 358,21 гектарга жетти.
Бул көрсөткүч өлкөдө органикалык продукция өндүрүүнүн өсүп жаткандыгынын далили болуп саналат жана келечекте айыл чарба секторунда экологиялык таза продукциянын көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт.








