12-ноябрда Ош шаарында жолдордогу коопсуздук маселелерине арналган форум өттү. Иш-чарага бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде шаардын вице-мэри Эрнист Толтоев, шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана КР ИИМ ЖККББнын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев катышты.

Ош шаарындагы авариялардын статистикасы

КР ИИМ ЖККББнын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаевдин маалыматы боюнча, жылдын башынан бери Ош шаарында 171 жол-транспорт кырсыгы катталган. Трагедиялардын негизги себеби мас абалында унаа башкаруу болуп саналат.

Ранее по темеТакси кызматтарын колдонууда лицензияны сурап туруу сунушталды

Ош шаарында 9 ай ичиндеги жол кырсыктарынын кесепеттери

28каза болду
158жаракат алды
171катталган жол кырсыгы
Алкоголь ичкенден кийин унаа башкаруучулукка отурган адам кылмышкер деп эсептелет. Бирок, ушуга карабастан, биздин айрым жарандарыбыз алкоголь ичкенден кийин унаага отуруп, аны башкалоону улантышат. Натыйжада 28 адам өмүрү менен коштошту. Алардын арасында айдоочулар да, жүргүнчүлөр да бар
Бахрам Сайтходжаев, КР ИИМ ЖККББнын штабынын башчысы

Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда жол кырсыктарынын натыйжасында 572 адам каза болду.