22-июлда Ош шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму болуп өттү. Ага өзбекстандык болжол менен 80 ишкер катышканын шаардык мэриядан билдиришти.
Форумдун ачылышында шаар мэри Жанарбек Акаев эки өлкө ишкерлери ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну үмүт менен белгиледи.




















