Ош шаарындагы аймактык бириктирилген клиникалык ооруканага Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттиги JICAнын гранты аркылуу жалпы баасы 11,5 миллион долларды түзгөн 130 медициналык жабдуу берилет.

Бул тууралуу Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 30-июлда ооруканага болгон иш сапары учурунда билдирген. Ошондой эле бул сапарга Жогорку Кеңештеги "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров менен бир катар депутаттар катышкан.

Иш-чарада медициналык жабдууларды кайсы жерге жана кандай шартта жайгаштыруу тууралуу маселелер талкууланды. Анда ооруканага ангиограф жана компьютердик томография аппараттарын орнотуу үчүн кошумча имарат куруу планы каралган.

Ошондой эле Аманкан Кенжебаев менен депутаттар оорукандын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен өткөн бөлүмдөрүн көрүп чыгып, мекеменин кызматкерлери менен жолукту.

Медициналык жабдуулардын саны

130жабдуу
31түрү