Кыргызстан менен Өзбекстан эки тараптуу туристтик агымды 10 миллион адамга жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга келген туристтер 6,5 миллиондон ашып, Кыргызстандык туристтердин Өзбекстанга баруусу болжол менен 2,5 миллиондон турган.

Кубатовдун айтымында, Өзбекстан Кыргызстан үчүн туризм тармагындагы негизги стратегДүк өнөктөш болуп саналат. Эки өлкөнүн саясий жана экономикалык байланышы жогору деңгээлде өнүккөн.