Ош көчөсүндөгү жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында үйлөрү жабыркаган тургундар турак жайсыз калбайт. Бул тууралуу маалымат Ош шаарынын мэриясынан келди.
Жаңы турак жай берүү тартиби
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев үйлөрү бузулган тургундар менен жеке жолугуп, бир дагы жабыркаган адам турак жайсыз калбасын ырастады. Ал жаңы турак жай берүүнүн мөөнөттөрү жана этаптары тууралуу маалымат берди.
Ошентип, турак жай менен камсыздоо процесси бузулган үйлөрдүн ордуна жакынкы күндөрдөн баштап этап-этабы менен жүргүзүлөт.
















