Ош мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, шаарда жаны көп кабаттуу турак үй комплексинин курулуш иштери башталды. Долбоор муниципалдык ипотека программасы боюнча ишке ашырылып жатат.

Курулуш толук ишке ашырылганда, шаардын тургундары муниципалдык ипотека шарттары боюнча жаны турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул долбоор Ош шаарындагы турак жай маселесин чечүүгө багытталган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.