Ош шаарында алыскы райондордо жашаган окуучуларды мектептерге жеткирүү максатында болжол менен 20 мектеп автобустары сатып алынышы күтүлүп жатат.
Бул планды шаар мэри Жанарбек Акаев өзүнүн сүйлөөсүндө жарыялады. Анын айтымында, айрым алыскы аймактардагы балдардын мектепке баратышы дагы деле көйгөй бойдон калууда.
«Биздин максат – мектеп автобустары окуучуларды коопсуз борборго жеткирип, ар бир жаран мектепке чейин коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу», – деди Жанарбек Акаев.
Ош шаарында азыркы учурда 25 жаңы мектептин курулушу улантылып жатканын мэр белгилеп, окуу жайлардын санынын көбөйүшү билим берүүнүн сапатын камсыз кылбай турганын, мугалимдер менен иштөө улантыларын кошумчалады.





