Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарынын жолугушуусунда баланын камкордукка алынышы боюнча чыр-чатак көтөрүлдү.
Туугандары эки жылдан кийин гана билди
Тургундардын айтымында, агасынын ажырашуусунан кийин бала социалдык коргоо органдары аркылуу башка үй-бүлөгө тарбияга берилген. Атасынын тарабындагы туугандары бул тууралуу эки жыл өткөндөн кийин гана кабар табышкан.
Социалдык кызматтын түшүндүрмөсү
Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева кырдаалга тактык киргизди. Анын айтымында, атасы Россияга кетип калгандыктан, эне баланы өзү менен алып кеткен, андан кийин аны мурунку күйөөсүнүн туугандарына калтыруу үчүн алып келген.











