Ош шаарында муниципалдык жерлерде мыйзамсыз жана уюштурулбаган сооданы токтотуу максатында рейд уюштурулду.
Бул рейд мэр Жанарбек Акаевдин тапшырмасын аткаруу катары өткөрүлүп, муниципалдык инспекция тарабынан жарандар менен ишкерлерге мыйзам талаптарына жооп берүү боюнча эскертүү берилип, сооданын атайын бөлүнгөн аймактарда жүргүзүлүүсү талап кылынды.
Текшерүү учурунда аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча Кыргызстандын Кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүмү боюнча административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.


