Ош шаарында Oxford International School мектебинин курулушу башталгандыгын белгилөө үчүн убакыт капсуласы салуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, долбоор шаардагы билим берүү тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп эсептелерин айтты.

Жанарбек Акаевдин айтымында, азыркы учурда дүйнө жүзүндө эл аралык стандарттарга жооп берген билим берүү уюмдарына муктаждык жогорулоодо. Ошондуктан билим сапатын жогорулатууну жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү шаардык администрациянын артыкчылыктуу багыттары катары караштырууда.

«Заманбап билим берүү борборлору окуучуларга сапаттуу билим берүүнү гана эмес, жаңы технологияларды, инновациялык окуу методдорун жана кеңири өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Ош шаарында мындай деңгээлдеги комплекс ачылышы жаштарга атаандаштыкка жөндөмдүү билим алууга шарт түзөт» – деди Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев, Ош шаарынын мэри

Мэриянын маалыматына караганда, долбоорду ишке ашыруу боюнча муниципалитет менен Oxford International School ортосунда меморандум түзүлгөн.

Жаңы билим берүү комплекси Ашимахунова көчөсүндө курулат. Мектеп 700 окуучуга ылайыкташкан жана 140 орундуу бала бакча камтылган.