Жашылдандыруу иштеринин алкагында И. Раззаков көчөсүндөгү Гүлкайыр тилкесине 150 түп, ал эми Көкүм бий көчөсүндөгү «Жаннат» мейманканасынан Унаа базарына чейинки жолдун жээгине 1000 түп көчөт отургузулду. Мындан сырткары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына дагы 1000 түп павловния эгилди.
Тигилген көчөттөрдүн саны
Бул иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана анын орун басары Эрнис Толтоев катышты. Муниципалитет шаар тургундарына жаңы тигилген өсүмдүктөрдү сактап калуу жана аларга аяр мамиле жасоо боюнча чакырык жөнөттү.
Шаарды жашылдандыруу жана кооздоо боюнча иштер алдыдагы убакта да улантыла берет.











