11-ноябрь күнү «Таберик» балдар музыкалык театрынын залында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана алардын ден соолугун коргоо маселелери каралды. Иш-чарага шаардык бийлик өкүлдөрү, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, прокуратура, жол коопсуздугун камсыздоо кызматтары жана саламаттыкты сактоо тармагынын адистери катышты.

Үй-бүлөдөгү тарбиянын маанилүүлүгү

Бишкек шаарынын мэрдин орун басары Рахат Мусаева өз сөзүндө баланын инсан катары калыптанышында үй-бүлөнүн ролу өтө чоң экенин белгиледи. Ал ата-энелерге балдарынын күнүмдүк жашоосуна көбүрөөк көңүл буруп, мектеп жана мугалимдер менен тыгыз байланышта болууну сунуштады.

Балдардын коопсуздугу — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!
Бишкек мэриясы

Адистер ата-энелерге зыяндуу адаттардын алдын алуу, жол кыймылындагы маданиятты калыптандыруу жана өспүрүмдөрдүн укук бузуулары боюнча маанилүү маалыматтарды беришти. Түшүндүрүү иштери реалдуу турмуштук кырдаалдарды чагылдырган видео материалдарды колдонуу менен жүргүзүлдү.

Ачык диалог

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Ата-энелер өзүн кызыктырган маселелерди айтып берип, тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнөн керектүү түшүндүрмөлөрдү алышты.