Өзбекстанда Кыргызстандын инвестициясы менен 4 саламаттыкты сактоо ишканасы ачылды
Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө кыргыз инвесторлорунун катышуусу менен саламаттыкты сактоо тармагында төрт ишкана ачылган. Отчетто Кыргызстан бул тармакта инвестор-өлкөлөрдүн арасында онунчу-он биринчи орунду ээлегени айтылат.













