CentralAsia (CA) басылмасынын маалыматына ылайык, Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Стамбул келишимдерине» кайтып келүү сунушуна жооп берди.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, Песков Киевдин позициясын эске алганда Украинадагы жаңжалды «тоңдуруу» мүмкүн эмес экенин билдирди.

Буга чейин Казакстандын президенти Токаев Владимир Путин менен жолугушууда Украинадагы жаңжалды тоңдуруп, «Стамбул формуласына» кайтып келүүнү сунуштаган. Токаев ошондой эле жаңжалга ортомчу болгусу келбей турганын кошумчалаган.

Приоритет Россия үчүн өз максаттарына жетүү бойдон калууда. Алар түшүнүктүү, ырааттуу. Андыктан, эгер Киев режими тиешелүү чечимдерди кабыл алса, мунун баары бүгүн күндүн аягына чейин токтошу мүмкүн.