Москов районунун Петровка айылында бир банянын аймагында тигүү өндүрүшүнөн чыккан калдыктарды мыйзамсыз күйгүзүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстарды пайдалануу, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Экологиялык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору видеоматериалдар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүшүштү. Текшерүү жыйынтыгында банянын ээси 10 000 сом өлчөмүндө административдик айыппулга тартылды.

Ошондой эле, ээсине калдыктарды чогултуу, сактоо жана жок кылуу боюнча мыйзам талаптарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай мыйзам бузуулардын кайталанышына жол бербөөгө эскертүү берилди.