Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда Президент Садыр Жапаров Раяна Азаматованын эки кызын кайтаруу тууралуу соттун чечими аткарылбаганы жөнүндөгү кайрылуусу менен таанышты.
Балдарды кайтаруу жагдайы жана мамлекеттик органдардын аракеттери
Раяна Азаматованын айтымында, ал 2019-жылдан бери адилеттикке жетүүгө аракет кылып келет. Ал ошол жылы мурунку жубайы эки кызын алып кеткенин билдирген. Ошондон бери ал балдарын кайтарууга аракет кылып, соттук териштирүүлөрдү жүргүзүп келет.
- Жогорку сот 12 жана 10 жаштагы кыздарды энеси менен калтыруу тууралуу чечим чыгарган, бирок бул чечим азырынча толук көлөмдө аткарыла элек.
- Мурунку күйөөсүнө карата соттун чечимин аткарбагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон, бирок көйгөй бир нече айдан бери чечилбей келет.
- Соттун чечиминин негизинде ал чоң кызын кайтара алган, бирок кичүүсүн азыркыга чейин ала албай жатат.
- Жогорку соттун чечимине карабастан, иш кайрадан Ленин райондук сотунда каралууда.
Кайрылууга жооп иретинде Башкы прокуратуранын өкүлү аялдын мурунку күйөөсүнө карата соттун чечимин аткарбагандыгы боюнча чындыгында эле кылмыш иши козголгонун билдирди. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.











