Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы күйүүчү майды импорттон көз карандысыз кылуу боюнча маселелерге токтолду. Анын айтымында, учурда өлкө күйүүчү майдын 90 пайызын жана газдын 100 пайызын Россиядан сатып алат.

Кыргызстанда учурда эки иштеп жаткан мунай кайра иштетүү жайы бар — Кара-Балтадагы «Zhongda» жана Жалал-Абаддагы «KPC». Бирок бул жайлар өлкөнүн бардык муктаждыгын жаба албайт.

Баткен жана Алай аймактарында мунай запастары изилденип жатканын, бирок ошол мунайды өндүрсө да, эки кайра иштетүүчү жай бардык бензин муктаждыгын канааттандыра албай турганын Мамлекет башчысы белгиледи.

Азыркы учурда эки мунай кайра иштетүүчү завод модернизацияланууда. «KPC» долбооруна 400 миллион доллар каражат жумшалууда, анын жарымы мамлекеттик бюджеттен, калган жарымы инвестордон берилди. «Zhongda» заводуна Кытай тарабынан 500 миллион доллар бөлүнгөн.

Модернизация иштеринин 2028-жылы бүтөөрү пландалууда. Андан кийин заводдор Европанын K-5 стандартына туура келген бензин чыгара баштайт.

«KPC» заводу өлкөнүн түштүгүнүн 50 пайыз муктаждыгын, ал эми «Zhongda» заводу түндүк бөлүгүнүн 50 пайыз муктаждыгын камсыз кылмакчы. Ушул эки завод калкты жарым-жартылай күйүүчү май менен камсыздайт. Калган 50 пайыз муктаждыгы үчүн Кеминде жана дагы бир жерде жаңы эки завод курулушу керек» — деп кошумчалады Президент.