Президент Садыр Жапаров Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул маалыматтар 2021-2026-жылдар мезгилинди камтыйт.

Аксы районундагы инвестициялар жана пайдаланып берилген объектилер

Мамлекет башчысына Аксы районунда көрсөтүлгөн мезгил ичинде мамлекеттик жана жеке инвестициялардын эсебинен жалпысынан 78 объекти пайдаланууга берилгени маалымдалды. Мамлекеттик инвестициялар аркылуу 65 объекти, ал эми жеке инвестициялар менен 13 объекти ишке киргизилген.

78жалпы пайдаланылган объект