Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында мигранттар тарабынан жасалган кылмыштардын саны 40 пайызга кыскарды.
Бул мезгилде мигранттар 14 миң 449 кылмышка катышкан, алардын ичинде 11 миң 861 кылмыш КМШ өлкөлөрүнөн келген жарандар тарабынан жасалган.
КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын кылмыштары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,2 пайызга азайганы белгиленди.
Ошондой эле, башка чет өлкөлүк жарандары жана жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны 3 миң 880ге жетип, ал 18,2 пайызга кыскарган.
2026-жылдын январь-июнь айларында мигранттар тарабынан жасалган кылмыштар










