22-июлда Мамлекеттик Думада релоканттарга каршы жаңы мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Вячеслав Володин маалымдады.
Жаңы мыйзам долбоорлору жазанын аткаруудан качып чет өлкөдө жашаган жарандарга карата убактылуу чектөөлөрдү киргизүүнү максат кылат. Ошондой эле Россиянын коопсуздугуна каршы административдик укук бузуулар үчүн колдонулат.
- Территориялык бүтүндүккө каршы чакырыктар
- Россияга санкция киргизүүгө үндөө
- Россиялык куралдуу күчтөрдү кемсинтүү
- Чет элдик агенттер тууралуу мыйзамдын бузулушу
Володин белгилегендей, четте жатып жазадан качууга аракет кылгандар мамлекеттен алган артыкчылыктардан пайдалана берүү мүмкүнчүлүгүн жоготушу керек.
Чектөөлөр катарына кыймылсыз мүлк каттоосун токтотуу, транспорт башкаруу укугун чектөө, акча каражаттарын тоңдотуу жана электрондук мамлекеттик кызматтарды чектөө кирет.
Ошондой эле релоканттар мамлекеттик каттоого жеке ишкер катары туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.





