Тарыхый эс тутумду сактоо маанилүү
Россия Федерациясынын илим, билим берүү жана маданият боюнча Соввет Федерации комитетинин делегациясы Кыргызстанга келди. Делегацияны комитеттин жетекчиси Лилия Гумерова жетекдеп келди. Сенаторлор Бишкектеги Ленинград блокадалыктарынын коомунун өкүлдөрү менен жолугушуп, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликке гүл коюшту.
Россия менен Кыргызстан жалпы тарыхый эс тутумду сактап калышы керек жана Ленинград блокадалыктарынын коомун колдоп турушу зарыл.
Sputnik Кыргызстан пресс-борборундагы брифингте Елена Писарева Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан Нева шаарынан эвакуацияланган балдарды кабыл алганын эске салды. Мындан тышкары, Ленинград блокадалыктарынын кыргызстандык коомун колдоо маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары менен да талкуулоо пландалууда.











