Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы иш сапары кезинде Кадамжай районунун жана Кызыл-Кий шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын кызыкчылыктары боюнча суроолорго жооп берген. Жолугушуунун жүрүшүндө, Айдаркен шаарынын тургуну Кубат Президенттен, айрым адамдардын чет өлкөдөн социалдык тармактарда тарарып жаткан ар кандай алдамчы билдирүүлөргө эмне үчүн жооп бербей турганын суроо берген.