Президент Садыр Жапаров чоң интервью берди. Анда ал өкмөттүн ишмердүүлүгү, өлкөнүн экономикалык абалы жана конкреттүү олуттуу маселелер боюнча суроолорго жооп берди.
Маектин башкы темаларынын бири Кумтор боюнча кирешелерди жана анын мамлекеттин бюджетине тийгизген таасирин талдоо болду.
Ошондой эле баалардын, өзгөчө бензиндин баасынын учурдагы абалы жана ал маселени жөнгө салуу аракеттери тууралуу кеп болду.
Мамлекет башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон мамилелерине жана Ташиевдин мамлекеттик кызматтан кеткен себептери менен байланышкан жагдайларга өз пикирин айтты.
Жапаров кийинки президенттик мөөнөткө талапкер болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да өз ойлорун бөлүштү.
Ал ошондой эле калк үчүн үй, мектеп, бала бакча жана жол куруу сыяктуу социалдык инфраструктураларды өнүктүрүүгө бюджеттен каралган чыгымдар тууралуу маалымат берди.

















