Президент Садыр Жапаров кызы Жанайым «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда балдарга белектерди тапшырып жаткан видеого байланыштуу комментарий берди.

«Кабар» агенттигине берген маегинде ал кызын саясатка аралаштыруу же пиар максатында колдонуу тууралуу дооматтар туура эмес экенин айтты.

«Бул пиар эмес жана аны саясатка аралаштыруу аракеттери туура эмес. Мен мурда да айтканымдай, балдарымды жана жакындарымды саясатка же мамлекет ишине аралаштырбайм. Эгер андай аракеттер болсо, бул тууралуу мурда билмекпиз», — деди ал.
Садыр Жапаров

Жапаров «Алтын балалык» борборун куруу иштери узак жылдар бою бүтпөй келгенин, аны өзүнүн тапшырмасы боюнча үч жыл мурун бүткөрүп, керектүү мебель жана жабдуулар менен толук камсыз кылдым деп билдирди.

Азыр бул борборго койсо зарыл болгон шарттар түзүлүп, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген балдар жыл сайын келип, ден соолук алууга жана жайкы эс алууга шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле президенттин айтымында, жыл сайын биринчи айым Айгүл Жапарова борбордогу балдарга белек алып келип, кубандырып келет.

Бул жылы да ал өзү бармак болсо да, жакындары менен жолугушууга кеткендиктен, бул милдетти кызына тапшырган.

Жанайым балдарга шорт жана футболкалар тартуулап, алардын ортосунда жакшы маанай жаратууда жардамчы болгон.