Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, 24-ноябрда саат 01:17дө Сокулук районунун Кожомкул айылында жол кырсыгы болгон. Фрунзе көчөсүндөгү «Султанхол» ресторанынын жанында Toyota Mark II жана Mercedes-Benz V260 унаалары кагылышкан.

Алдын ала маалыматка таянсак, 2003-жылы туулган Toyota Mark II унаасынын айдоочусу Бишкек-Кара-Балта автожолугу менен жүрүп, алдыда бир багытта бара жаткан чет элдик жаран башкарган Mercedes-Benz V260 унаасына сокку урган.

Кырсыктын натыйжасы

1973жылы туулган
1пассажир
амбулатордукжардаам

Блогердин кийлигишүүсү

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери жагдайды текшерип жаткан учурда, кырсыкка эч кандай тиешеси жок, 1983-жылы туулган эркек киши милициянын иш-аракеттерине кийлигишип, өзүн блогер деп тааныштырган. Ал кызматкерлердин процессуалдык иштерине катышууну жана котормочулук кылууну сунуштаган, бирок анын чет элдик тилдерди билбегендиги аныкталган.

Мындан тышкары, аталган киши Сокулук айылындагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, ал жерде айдоочуларды медициналык кароодон өткөрүп жаткан дарыгерлердин ишине тоскоолдук кылып, чыр-чатак уюштурган.

Учурдагы абал

Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана катышуучулардын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат.