Талас облустук прокуратурасы Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушун текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козгогонун билдирди.

Текшерүү учурунда курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Ушул фактыларга байланыштуу прокуратура кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Иш боюнча иликтөө уланып жатат, тиешелүү органдар аныкталган бузууларга байланыштуу кошумча маалыматтарды текшерип чыгышат.