Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Талас облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн бир нече тармагында оң динамика катталды. Негизги өсүш пайдалуу кендерди казууда байкалууда.

Өндүрүштүн көрсөткүчтөрү

2026-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгында аймактагы кен казуу иштери өткөн жылдын ушул мезгилине карата эки эсеге көбөйгөн. Мындан тышкары, энергия жана суу менен камсыздоо тармактарында да өсүү белгилери бар.

Өнөр жай тармактарындагы өзгөрүүлөр

2эсе
12%электр энергиясы, газ жана буу
9%суу менен камсыздоо жана таштанды иштетүү
3,7%иштетүүчү өндүрүш

Атап айтканда, электр энергиясын, газды, бууну жана кондицияланган абаа камсыздоо көрсөткүчү 12 пайызга өскөн. Ал эми иштетүүчү өндүрүш тармагында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,7 пайыздык айырмачылык катталды.