Тажикстандын Салык комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү кытай-тажик биргелешкен тоо-кен өндүрүш компаниясы эң ири салык карызчыларынын бири болуп калды.
Азыркы мезгилде бул компаниянын бюджет алдындагы салык карызы 243 миллион сомонини, болжол менен 26 миллион АКШ долларын түзгөнү билдирилди.
Аталган фактты июль айында Салык комитетинин өкүлдөрү жарыялашты.
Бирок Согдий облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү компания ар тараптан өз милдеттерин толугу менен аткарып жатканын айтып, бул маалыматты четке кагышууда.
Компаниянын экономикалык ролу буга чейин да Согдий облусундагы бийлик тарабынан белгиленген.









