Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын грим бөлүмүн аяктаган 37 жаштагы Элизат Алтабаева бүгүнкү күндө Талас шаарындагы облустук театрда иштейт.

Кино жана театрдагы айырмачылыктар

Адистин айтымында, кино тартуу учурунда камеранын өзгөчөлүгүнө байланыштуу боёкторду аз колдонуп, жеңил грим жасоо керек болсо, театрда башкача талаптар бар. Театрда каармандын образы алыстан отурган көрүүчүгө да түшүнүктүү болушу шарт. Ошондуктан беттин жазмасы аркылуу каармандын мүнөзүн, мисалы, каардуу же меймандос экенин көрсөтүү зарыл.

Грим — бул жөн гана макияж эмес, бул каармандын ички дүйнөсүн ачууга жардам берген чоң искусство.
Элизат Алтабаева

Бакайдын образындагы жоопкерчилик

Адистин чыгармачылык жолундагы алгачкы маанилүү иштеринин бири «Манас» эпосундагы акылман Бакайдын образын түзүү болгон. Бул каармандын бетин жасап берүү чоң жоопкерчиликти талап кылган.

Мектеп учурунан баштап түстөр менен иштөөнү жакшы көрүп келген Элизат, интернет аркылуу бул тармак боюнча өз алдынча маалыматтарды изилдеп, кийин атайын окууну тандаган. Юридикалык факультетте окуган мезгилинде өзүнүн чыныгы кызыгуусу башка багытта экенин түшүнүп, окуусун токтоткон.