Президент менен жергиликтүү жарандардын ортосундагы маек учурунда Эне менен бала коргоо улуттук борборунун дарыгери Назира Бешибаеванын тагдыры тууралуу айтылды. Тургундар дарыгерди кечирип коюу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Иш боюнча эмне болду?
Бешибаева 13 жаштагы бейтапты туура эмес дарылаган деген айып менен соттолгон. Ал учурда оорулуу кыздын буту кесилген. Учурда бул кылмыш иши боюнча Жогорку соттук карап чыгууну жүргүзүүдө.
Дарыгердин камакта жүргөнү боюнча сунушталган жардам тууралуу Президент өз жообу менен бөлүшүп кетти.










