Чүй облусунун Токмок шаарындагы жол кырсыгы тууралуу маалымат тарады. Окуяда унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Күбөлөрдүн айтымында, бул окуя 26-июль күнү болжол менен саат 18:20да Жантаев жана Зоя Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Кырсык болгон жерге дароо милиция кызматкерлери жана тез жардам унаасы келип, керектүү чараларды көрүшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркаган жөө жүргүнчү медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилди.





