Түркиянын Эрджиш районуна караштуу Улуу-Памир айылында «Улуу-Памир» аталышындагы салттуу маданий майрам уюштурулуп, ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларды камтып өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү үчүн концертик программа форматында уюштурулду. Анын башкы максаты чет өлкөдө жашаган мекендештер менен руханий жана маданий байланыштарды чыңдоо, улуттук салт-санаа, маданий мурасты жана «Манас» эпосун кеңири жайылтуу болгон.
Концерттте «Манас» Улуттук театрынан ырчылар Тынчтык Эсенбай уулу, Чыңгызхан Кожошев жана Бакыт Шаршеналиев, ошондой эле уламышчылар Улукбек Токтоболот уулу, Бермет Калиева жана Алтынай Бекболотова катышып, мекенге, улуу кыргыз жерине, улуттук бирдикке жана ата-бабалардын мурастарына арналган чыгармаларын тартууланды.









