Семетей Акынбеков «Ты, супер! Кыргызстан» телепроектисинин жеңүүчүсү катары таанылып, белгилүү тележурналист Андрей Малаховдан белек алды. Анын ийгилиги тууралуу Turmush корреспонденти бала менен анын энеси Чынара Сариева менен маектешкен.
Музыкалык талант жана келечектеги максаттар
Семетей 2015-жылы 5-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 6 жашында үй-бүлөсү менен Беловодское айылына көчүп келип, азыркы учурда «Ак-Суу» орто мектебинин 5-классында окуйт. Бала өзүнүн келечектеги максаттары тууралуу айтып берди.
Мен келечекте математик, физик же сүрөтчү эмес, Бетховен, Чайковский жана Моцарт сыяктуу дүйнөнү музыкасы менен багындырган композитор болгум келет. Ошондой эле сүрөт тартууга жана спортко кызыгам.
Анын энеси Чынара Сариева, азыркы учурда М. Рыскулбеков атындагы балдар искусство мектебинде иштеп жатат, баласынын музыкага болгон кызыгуусун 3 жашынан баштап байкагандыгын айтты.
Таланттын тамыры
Баланын музыкалык жөндөмдүүлүгү үй-бүлөлүк мураска байланыштуу экени белгиленген. Анын атасы Нурдин жаш кезинде сүрөтчү болгон, ал эми энеси музыкант.
Семетей тууралуу маалымат











