Окутуу варикоцеле жана жарым тазанчанын веналарынын варикоздук кеңейиши менен иштөөнүн заманбап ыкмаларына багытталган. Тажрыйба алмашуу үчүн борборго эксперт Евгений Васильевич Мун чакырылды.
Госпиталь базасындагы практика
Чет өлкөлүк стажировкалардан айырмаланып, мастер-класс форматы адистерге түздөн-түз Улуттук госпитальдын медициналык жабдууларында окууга мүмкүндүк берди. Бул дарыгерлерге алынган көндүмдөрдү күнүмдүк клиникалык ишке тезирээк киргизүүгө жардам берет.
Окуу процессинде медицина кызматкерлери теорияны гана үйрөнбөстөн, реалдуу медициналык кийлигишүүлөргө да катышты. Практикалык бөлүк мекеменин техникалык базасын колдонуу менен өткөрүлдү.
Окутууга катышуучулар
Иш-чарага госпиталдын бир нече профилдик бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, анын ичинде кан тамыр оорулары боюнча адистешкен хирургдар жана урологтор катышты.




















