Turmush басылмасынын «Тарых инсаны» рубрикасынын кезектеги каарманы 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, «дайынсыз жоголгон» деп эсептелген Мамет Жолдошов болду. Анын тагдыры тууралуу небереси, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин «Скорпион» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Алтынбек Алымкулов айтып берди.
Чоң атасынын согуштагы жолу
Алтынбек Алымкуловдун айтымында, анын чоң атасы Алымкул үч бир туугандын бири болгон. Улуусу Алым, андан кийин Мамет, үчүнчүсү Алымкул. Алардын ата конушу Жогорку-Май (азыркы Кадыралы) айылы болгон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, 1943-жылы чоң атасы Маметти фронтко чакырышкан. Ал 1925-жылы туулган. Согуштан кайтып келген эмес жана «дайынсыз жоголгон» деп эсептелет. Үй-бүлөдө анын тагдыры тууралуу башка маалымат жок. Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинде дагы «дайынсыз жоголгон» деп көрсөтүлгөн.
Ал эми Алтынбек Алымкуловдун аталаш чоң атасы Алымкул 1945-жылы аскерге чакырылган. Бирок согуш бүтүп калгандыктан, аны жарым жолдон артка кайтарышкан. Ал толугу менен дайынсыз жоголгон эмес.
Дайынсыз жоголгон жоокердин тагдыры
Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинин маалыматына ылайык, Мамет Жолдошов 1925-жылы Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусунун Ак-Тал районундагы Ак-Тал айылында туулган. Ал 1943-жылы согушка чакырылып, 1944-жылдын март айында «дайынсыз жоголгонуна» байланыштуу аскер бөлүгүнөн чыгып кеткен. «Жакынкы туугандары» деген графада «энеси Бурулкан Турганбаева» деп көрсөтүлгөн. Алтынбек Алымкулов Бурулкан Турганбаева анын чоң энеси экенин тастыктады.






