Айылдык демилгечилер тарыхый мурастарды сактап калуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында «Музей жана коом» акциясын ишке ашырышууда. Бул долбоордун алкагында айылдын тарыхы менен байланышкан эски буюмдар, сүрөттөр жана башка баалуулуктар чогултулууда.

Тарыхый фондду түзүү жана маданий иш-чаралар

Музейдин базасы болгон Маданият үйү арыбастан 1960-жылы «Жаңы жол» колхозунун клубу катары курулган жана райондогу алгачкы клубдардын бири болгон. Аталган имарат 65 жылдан ашык убакыттан бери айыл тургундары үчүн маданий борбор болуп кызмат кылып келет.

Учурда айыл тургундары өз үйүндө сакталып калган тарыхый буюмдарды, эски сүрөттөрдү жана өткөн жылдардын турмуш-тиричилик буюмдарын көргөзмөгө алып келишүүдө. Бул аркылуу ар бир үй-бүлөдө сакталып атырган баалуулуктарды бириктирип, айылдын тарыхый фондун түзүү пландалууда.

Маданият үйүнүн 65 жылдыгы

Маданият үйүнүн юбилейине карата атайын фестиваль өткөрүлүп, анын алкагында айылдын тарыхын чагылдырган кыска метралуу тасма көрсөтүлдү жана концерттик программа сунушталды. Ошондой эле тарыхый көргөзмө уюштурулуп, конокторго жана жергиликтүү тургундарга айылдын өткөн чагы тууралуу маалымат берилди.