1-декабрда Ысык-Көл облусунда жаңы «Ала-Тоо Резорт» туристтик жайынын ачылыш аземи өтөт. Бул иш-чарага дүйнөгө белгилүү жылдыздар, блогерлер жана медиа чөйрөсүнүн өкүлдөрү келип катыша турганы айтылды.

Өлкөнүн аброюн жогорулатуу

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун Facebook баракчасынын маалыматы боюнча, мамлекетте өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытууга жардам берүүдө. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу окуялардын өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүп, жаратылышка кызыккан туристтердин санын арттырып жатканын белгиледи.

Алар мекенибизди дагы бир жолу жакшы жагынан дүйнөгө таанытат
Дайырбек Орунбеков

Келе жаткан коноктор Кыргызстандын кооздугун эл аралык деңгээлде жайылтууга салым кошот.