Украина президенти Владимир Зеленский 12-июлда мамлекеттик саясатта олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу жарыялады. Ал премьер-министрди кызматынан бошотуп, өкмөттүн курамын толугу менен жаңылоону каалаганын билдирди.
Премьер-министр катары кызмат кылган Юлия Свириденко жыл ичинде өкмөт башчысы болду. Зеленский ага эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы маанилүү багытты жетектөөнү сунуштады. Анын жаңы кызмат орду тууралуу так маалымат берилген жок.
Президенттин айтымында, тышкы саясаттын ар бир приоритеттүү багыты боюнча тажрыйбалуу өкүл дайындалып, мамлекеттердин лидерлеринин ортосунда жетишилген келишимдердин жүзөгө ашырылышы камсыздалат.
Зеленский АКШ менен мамилелерди бекемдөө, Patriot ракеталык коргонуу системаларын өндүрүү үчүн лицензияларды алуу, Европада ракетка коргонуу программасына катышуу сыяктуу маанилүү багыттарды белгиледи. Мындан тышкары, Европа Биримдигине жакындаштыруу жана Биримдикке кирүү аракеттери улантылат.
Ошондой эле президент укук коргоо органдарынын жетекчилерин алмаштыруу пландары жөнүндө кабарлады, бирок бул боюнча толук маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, Юлия Свириденко премьер-министр болуп 2025-жылдын 17-июлунда шайланган. Анын кызматын мыйзамдуу алмаштыруу үчүн Жогорку рададан макулдук талап кылынат.













