Буга чейин пансионаттардын ортосундагы жээк бойлуу ачык сейилдөө жолу иштеп жаткан. Ошентип, шаар тургундары жана коноктор эркин басып өтүп, табият менен жакын байланышта боло алышчу.
Учурда жаңы курулуш иштеринин жүрүшүнө байланыштуу бул жолдор тосулуп, айрым жерде шлагбаумдор орнотулду. Бул себептен эркин басып өтүү мүмкүн болбой калды.
Айрым пансионаттардын аймагынан гана өтүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок ал үчүн акча төлөш зарылдыгы пайда болду. Бул көп адамдардын жээкте сейилдөөгө мүмкүнчүлүгүн кыскаратып жатат.
Жергиликтүү тургундардын жана коноктордун арасында кеминде эки пансионат ортосунда ачык сейилдөө жолу калтырылса деген каалоо бар.








