Жаңы ачылган мастеркананын негизги максаты — аялдардын экономикалык жактан өз алдынча болушуна шарт түзүү. Тигүүчүлөр өзүнүн кичинекей наристелери менен бирге борбордо жашап, кесиптерин өздөштүрө алышат.
Эми мен баламды калтырбай иштеп, эмчек эмизүүнү уланта алам,
Кыйынчылыкта калган аялдар үчүн колдоо
Ачылыш аземинде Аидда Исатбек кызы (Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары), Саед Садык («ООН-аялдары» өкүлү) жана Нуржамал Жоробекова (Жогорку Кеңештин аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча аппаратынын жетекчиси) сыяктуу тажрыйбалуу инсандар катышты. Алар аялдарды колдоо механизмдерин кеңейтүү жана үй-бүлөлөрдү чыңдоо маселелерин талкуулашты.
«Эне Үйү» ресурстук борборунун директору Назгүл Турдубекова жаңы цехтин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, ал жерде аялдар керектүү көндүмдөрдү үйрөнүп, кийинчерээк жумушка орношо алышат деп белгиледи.
Борбордогу жашоо шарттары
Энелер борбордо жаңы төрөлгөн наристелери менен бирге жашап, социалдык, психологиялык жана укуктук жардамдарды алышат. Мастеркананын борбордун ичинде жайгашуусу аялдардын баласына кам көрүү менен жумушту айкалыштыруусуна шарт түзөт.
Кээ бир энелер улуттук кыргыз оймолорун сайып, өз өнөрлөрү менен акча табууну кыялданышат.











