Жергиликтүү бийликтер Шалба—Богатыровка жана Богатыровка—Липенка жолдорундагы оңдоо иштери жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетүүгө жана транспорттун коопсуз кыймылын камсыздоого багытталганын билдирди. Айылдар ортосундагы транспорттук каттамдын жакшырышы бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
Жети-Өгүз айылдык аймагында жол тармагын жаңыртуу
Маалыматка ылайык, Шалба—Чырак—Кабак—Богатыровка автожолуна жалпы узундугу 13,6 километр болгон асфальтбетон төшөө пландалган. Учурда асфальт төшөө иштери 10 километрлик тилкеде аяктады.
Мындан тышкары, жол курулуш иштеринин кийинки этабынын алкагында Богатыровка—Липенка автожолуна асфальт төшөө улантылууда. Жол инфраструктурасын жаңыртуу иштери улантылат.





















