Талас облусунда Кызыл-Адырдан Чоң-Капкага чейинки КировкаГребеньПлотина автожолунун 11 чакырымдык бөлүгү толугу менен асфальтталды.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча, жолдун асфальтталышы аймакта транспорттук байланыштарды жакшыртып, аймактын тургундарына жетүүгө шарттарды ыңгайлуу жана коопсуз кылат.

2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунда жалпы 28 чакырым жол асфальтталуусу пландалган.

Жол курулуш иштери үч участокто жүргүзүлүүдө