17-ноябрда өткөн кеңейтилген жыйында Жогорку Кенештин тиешелүү комитети концепцияларды колдоп, алты мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алууну сунуштады. Документтер пландык мезгилдерди эске алуу менен 2026 жана 2027-жылдарга республикалык бюджеттин, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММБС) жана Социалдык фонддун чыгымдарын пландаштырууга тиешелүү.
Кандай документтер жактырылды
- 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине карата республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине карата республикалык бюджет жөнүндө
- 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине карата ММБСдын бюджети жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине карата ММБСдын бюджети жөнүндө
- 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине карата Социалдык фонддун бюджети жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине карата Соцфонддун бюджети жөнүндө
Комитетте белгиленгендей, мыйзам долбоорлору депутаттардан жана Жогорку Кенештин башка комитеттеринен түшкөн сунуштарды эске алуу менен жактырылды.
Кийинки кадамдар
Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев финансылык документтерди талкуулоо процесси эртең эле уланарын билдирди. Бул маселелер карала турган Жогорку Кенештин кийинки жыйыны 18-ноябрга белгиленди.








