25-ноябрда өткөн жыйындыда депутаттар кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен болгон иш-аракеттерди мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алышты. Бул демилге мүлккө байланыштуу алдамчылык кылмыштарынын көбөйүп кеткенине байланыштуу иштелип чыккан.

Мүлккү өз алдынча тыюу салуу механизми

Жогорку Кенештин VIII чакырылышынын депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси менен сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты — жарандарды, өзгөчө кары-картаң шайлоочуларды үчүнчү тараптардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мүлкүн жоготуп алуудан коргоо. Мыйзамга ылайык, кыймылсыз мүлк менен тиешелүү каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө өз алдынча тыюу салуу (самозапрет) механизмин киргизүү сунушталууда.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктоо

Ошондой эле мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор экинчи окууда кабыл алынды. Демилгечи депутаттар Бактыяр Калпаев, Равшанбек Рысбаев жана Салтанат Аманова болгон.

Бул мыйзамдын негизги милдети — «Кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду кошумча тест тапшырбай эле мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүүгө жетиштүү документ катары таануу болуп саналат.

Талкуу учурунда депутаттар мамлекеттик тилди өнүктүрүү, заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү жана кыргыз тилинде сапаттуу контенттин көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгын белгилешти. Мындан тышкары, үйларды башкаруунун ачык-айкындуулугу боюнча бирдиктүү мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.