23-ноябрда Жогорку Кенеште убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү, анын максаты Ала-Арча районундагы жаш өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайларын изилдөө болду. Депутаттар издөө-куткаруу иштерин уюштурууну, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жана өзгөчө кырдаал кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.
Адамдык фактор жана диспетчерлердин иши
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев болгон окуя үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, ички тергөө иштеринин алдын ала жыйынтыктары адамдык фактордун бар экенин көрсөтүүдө. Тактап айтканда, жардам суроо боюнча өтүнч диспетчердик кызматтын деңгээлинде тийиштүү түрдө иштелген эмес.
Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасынын кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар куткаруучулардын ишин реформалоо зарылчылыгын баса белгилешти. Сунушталган чаралардын арасында: кызматкерлердин кесиптик жана медициналык даярдыгын жогорулатуу, үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана издөө топторун заманбап техника менен жабдуу бар.
Ошондой эле массалык похоттордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн туристтик маршруттарда коомдук куткаруучу кызматтын постторун түзүү маселелери каралды.
Мамлекеттик туризм боюнча агенттиктин директору Эдуард Кубатов учурда бийиктиги 7 миң метрден ашык чокуларга чыгуу үчүн уруксат берүү тартиби иштелип жатканын билдирди.
Контекст
Жыйынды комиссиянын төрагасы, Жогорку Кенештин VIII чакырылышынын депутаты Улугбек Ормонов өткөрдү. Комиссиянын негизги милдети — трагедиянын себептерин ар тараптуу изилдөө, мамлекеттик органдардын ишин баалоо жана келечекте мындай учурлардын алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо.
















