23-ноябрда өткөн жыйындын алкагында депутат Камила Талиеванын демилгеси менен «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» кампаниясынын негизинде атайын иш-чара уюштурулду. Анда эмгек шарттарын коопсуз жана адилеттүү кылуу, адамдын кадыр-баркын коргоо жана эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылуу маселелерине токтолушту.

Мыйзамдык кадамдар жана эл аралык конвенция

Депутат Камила Талиева өлкөдө бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча маанилүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстандын 2024-жылдын 3-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун №190 конвенциясын ратификациялаганын мисал катары келтирди.

Кыргызстандын 2024-жылдын 3-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун «Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө» №190 Конвенциясын ратификациялаганын мисал келтирди.
Камила Талиева, Жогорку Кенештин депутаты

Ошондой эле гендердик теңчилик маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүчү мыйзам кабыл алынганы, анда аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылуучу жоболор камтылгандыгы айтылды.

Изилдөө жыйынтыктары

Иш-чарада «Инсан-Лейлек» коомдук фонду жана Тилектештик борборунун колдоосу менен «CAS Analytics» иликтөөлөр командасы тарабынан жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн натыйжалары сунушталды. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өз баяндамаларын берип, атайын видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Жыйын суроо-жооп форматында аяктап, талкууланган маселелер боюнча катышуучулардын сунуштарын эске алуу менен тиешелүү тапшырмалар берилди.